Артиллерия
Артиллерия (французча artillerie - даярдоо, жабдуу) - 1) кургактагы аскерлердин бир түрү; 2)артиллериялык куралдардын жыйындысы; 3)артиллериялык куралдардын түзүлүшү, өзгөчөлүктөрү жана колдонуу жолдору жөнүндөгү илим. Миномёттук реактивдүү түзүлүштөр, курал-жарактар жана танкага каршы реактивдүү снаряддар менен жабдылган кургакта уюштурулган аскердик бирикме, бөлүк. Артиллериянын карамагында транспорт, чалгындоо, байланыш, сүйрөө каражаттары жана ок атууну башкаруу приборлору болот. Артиллерия ок атуучу бардык куралдарды, согуштук техникаларды, адам күчтөрүн, коргонуу курулуштарын жана башка объекттерди жок кылууга, ошондой эле жалпы аскердик бөлүктөр менен бирикмелердин коштоосу аркылуу душмандарга сокку урууга багытталат. Уюштурулушу боюнча аскердик бирикмелердин, бөлүктөрдүн, бөлүкчөлөрдүн курамына кирген аскердик артиллерияны түзөт да, ал корпустук, дивизиялык, полктук жана батальондук болуп бөлүнөт. Аскердик артиллериянын карамагына кирбеген артиллерия Жогорку Башкы командачынын резервинде турат. Максаттары жана куралдын түрү жагынан артиллерия гаубицалык, замбиректик, раективдик, зениттик жана миномёттук болуп бөлүнөт. Артиллериянын атайын (танкага каршы, тоолуу жерге ылайыкталган жана казематтык) түрлөрү да бар. Аскер-деңиз флотунда артиллерия кеме артиллериясы (анын ичинен зениттик) жана жээк артиллериясы болуп айырмаланат. Аскер-аба күчтөрүндө артиллериялык куралдар согуш самолётторуна орнотулуп келген, азыр алар ракета куралдары менен алмаштырылган. Миномёт жана реактивдүү түзүлүштөр кубаттуулугу боюнча жеңил, орто, оор, чоң жана абдан кубаттуу артиллерия болуп бөлүнөт. От менен тутандырылып атылуучу куралды биринчи жолу 13-кылымдын аягы - 14-кылымдын башында арабдар пайдаланышкан. Орустар артиллерияны 1382-жылы Москваны Тохтамыш хандын чабуулунан коргоодо колдонушкан. 14-15-кылымда Европанын бир катар өлкөлөрүндө артиллерия куралдарын куюп жасоо өздөштүрүлүп, алар көбүнчө жез менен колодон жасаган. Согуш куралдарын колодон куюу аларды жасап чыгарууну тездетүүгө жана анын конструкциясын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берди. 1- жана 2-дүйнөлүк согуштардын жүрүшүндө Европанын бардык өлкөлөрүндө оор артиллерия, анын ичинен гаубица системасындагы артиллерия түзүлө баштады. Согуштан кийинки жылдарда ядролук заряддар менен дүрмөттөлгөн снаряддар пайда болду. Артиллерияны атууга даярдоо, аны башкаруу процесстери автоматташтырылды жана механикалаштырылды. Математика, физика, химия, кибернетика, электроника илимдеринин жетишкендиктеринин негизинде артиллерия илими өнүктү.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1