Артмaнe Вия

Википедия дан

Артмaнe Вия (өз аты - Алида; 21. 8. 1929-жылы туулган, Тукум шаары) - латыш артисти, СССР эл артисти (1969), Латвия ССРинин мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1980). 1949-жылы Ригадагы Райнис атындагы көркөм театрдын алдындагы студияны бүткөн. 1949-98-жылдарда ушул эле театрда (1989-жылдан «Деймес» театры) иштеген. Ал түзгөн аялдардын образдарына назиктик, боорукерлик, асылзаадалык мүнөздүү. Аткарган белгилүү ролдору: Абигайль (Э. Скриба, «Бир чөйчөк суу»), Офелия, Джульетта (У. Шекспир, «Гамлет», «Ромео жана Джульетта»), Настасья Филипповна (Ф. М. Достоевский, «Кейбир»), Аркадина (А. П. Чехов, «Акчардак»), Елизавета (Ф. Брукнер, «Елизавета Английская»), Тереза Ракен (Э. Золя, «Тереза Ракен»). 1998-99-жылдарда жаңы Рига театрында Графинянын (А. С. Пушкин, «Карганын маткеси» жана башка ролдорду аткарган. 1983-87-жылдарда Латвия ССР театр коомунун председатели. Кинофильмдерде (1956-жылдан) аткарган ролдору: Соня («Өз каны», 1964), Аял («Эч ким өлүүяү каалаган эмес», 1966), Кристина («Эдгар жана Кристина», 1964) жана башка «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]