Артур Уэлсли

Википедия дан

Веллингтон Артур Уэлсли - (1.5.1769, Дублин -14.9.1852, Кент графтыгы) британиялык аскербашчы жана мамлекеттик ишмер, герцог (1814), дипломат. 1787-ж. аскер кызматына өтүп, 179495-ж. Фландриядагы согуштук аракеттерге катышкан, 1796-ж. Индияга жөнөтүлүп, 1803-ж. Ассайенин алдында маратхалардын үстүнөн жеңишке жетишип, өзүн мыкты аскербашчы катары тааныткан. Мекенине кайтып келген соң, рыцарлык наам ыйгарылган. 1808-ж. Португалияда француздарга каршы согушуп жаткан союздаштар армиясынын башчылыгына дайындалат. Саламанканын (1812), Викториянын (1813) алдындагы салгылаштарда француздарды талкалаган (1814-15) 1813-ж. фельдмаршал наамы, 1814-ж. герцог титулу ыйгарылган. Вена конгрессине катышып, 1815-ж. Ватерлоонун алдында англия-голландиялык аскерлерди жетектеп, Наполеондун армиясын талкалаган. 1827-52-ж. англиялык армиянын башкы командачысы. 1818жылдан саясий карьерасын баштап, армияны артиллериялык жана техникалык жактан камсыздоо министри, премьер-министр (1828-30), тышкы иштер министри (1834-35) кызматтарын ээлеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]