Арууке Зиядинова

Википедия дан

Арууке Зиядинова (27-ноябрь 1992 жылы Кыргыз Республикасы,Ноокат шаары,Борбаш айылы) -- "Шыктан" коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү[1]. Энактус Кыргызстандын түштүк региону боюнча координатору.[2] Юнисеф уюумунун Ноокат шаарынын ментору. Ноокат шаарынын Борбаш айылына аялдар үчүн акысыз кулинардык,тигүүчүлүктү үйрөттүү курстарын түзүүчүсү[3]. Жаштарды өнүктүрүү жана билимге тартуу максатында "Ноокат жаштар уюмунун" түзүүчүсү.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Арууке Зиядинова Ноокат  шаарынын Борбаш айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө үч баланын улуусу. Атасы Бектемир Зиядинов, апасы Гулнара Зиядинова.

Мектепти бүтүп И. Арабаев атындагы КМУнун Педагогикалык колледжи аяктаган (2007-2010). Ошондой эле К.Карасаев атындагы БМУнун социалдык-психологиялык факультетин бүтүргөн (2014-2019).

Арууке Зиядинова эмгек миграциядан Кыргызстанга кайтып келген айымдар жана жаштар үчүн окуу борборун ачкан. Aйылдаштарын, айрыкча айымдарды, бизнеске шыктандырып, каржы булагын ачууга көмөк көрсөтүп келген. Ал ошондой эле "Шыктан" борборунда аялдар үчүн иш-чараларды

өткөзүп келген.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. "Шыктан" Коомдук бирикмеси https://register.minjust.gov.kg/register/Public.seam;jsessionid=313789C56B978BBCBC6CBDFF61AB97B6?publicId=570813
  2. Арууке Зиядинова. Enactus Kyrgyzstan https://enactus.kg/team/ahmad-press-2/ Archived 2024-01-19 at the Wayback Machine
  3. Арууке Зиядинова. "Роза Отунбаеванын демилгеси", 15-июль 2021 ж.https://www.youtube.com/watch?v=076l4pROYkA