Арфа

Википедия дан

АРФА (нем. harfe) – көп кылдуу терип чертме музыкалык аспап. Б. з. ч. 3 миңинчи жылдан белгилүү. Бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан арфанын 46 кылы, добуш күчөткүч чарасы бар. Эки түрдүү кыймылдагы педалдык арфаны 19-кылымда Францияда С. Эрар ойлоп чыгарган. Арфа оркестрлик, ансамблдик жана жеке аспап катары колдонулат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1