Архей заманы

Википедия дан

Архей заманы - жер кыртышынын өнүгүү тарыхындагы эң байыркы доор (кембрийге чейинки мезгилдерде пайда болуп, өтө метаморфизмделген тоотектердин тобу). Гнейс, кварцит, кристаллдуу жана графиттүү сланецтерден турат. Терминди америкалык геолог Дж. Дана 1872-жылы киргизген. Мурда байыркы кристаллдуу тектери гана архей заманына кирсе, азыр метаморфизмделишине жараша 2500 млн жылдан мурун пайда болгон тоо-тектер бүт камтылат. Кыргызстанда Ак-Түздө, Сары-Жаз кырка тоолорунда жолугат. Архей заманындагы тоо-тектерде кобальт, никель, хром кендери кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]