Архетип

Википедия дан

Архетип (грек. archetypan - баштапкы образ) (проформа, прототип) - салыштырма-тарыхый тил илиминде кийинки түзүлүштөр үчүн баштапкы болуп саналган тилдик форма: Архетип тектеш тилдердеги мыйзамченемдүү шайкештиктердин негизинде реконструкцияланат.

Архетип бир катар тилдердеги реалдуу структуралык элементтерди салыштыруунун натыйжасында алынган теориялык жактан ыктымал форма болуп саналган.

Архетип катары тилдик түрдүү бирдиктер жана структуралар - бүтүн лексемалар, негиздер, уңгулар, морфемалар, детерминативдер, фонемалар, атүгүл сүйлөмдөр да - алынат. Архетипти морфеманын деңгээлинде реконструкциялоо бир кыйла кеңири таралган жана реконструкциялоо этимологияда кененирээк эле иштелип, сөздөрдүн жана уңгулардын Архетиптеринин үлгүсү катары тил топторунун этимологиялык сөздүктөрү эсептелет. Архетипти белгилөө үчүн атайын символ кабыл алынган. Маселен, Э.В. Севортяндын этимологиялык сөздүктөрүндөгү реконструкциялар Архетипке толук мисал болот...

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4