Архиепископ

Википедия дан

Архиепископ (архи... жана епископ) - жогорку мартабалуу диний титул; христиандык чиркөө иерархиясындагы жогорку (3-чү) даражадагы дин кызматкери. Автокефалдык жана автоном чиркөөлөрдүн өкүлдөрүнө тиешелүү. Россия православ чиркөөсүндө митрополиттен төмөн. Адабияттарда алгач архиепископ титулу 4-кылымдын орто чендеринде кездешет. Епископ Милетий Ликопольский ыйык Александр Александрийскийди архиепископ деп атайт. 5-кылымдан архиепископ аталышы кеңири кездеше баштаган. Патриархаттардын түзүлүшү менен автокефалдык чиркөөлөрдүн башкаруучулары жана епископторду патриарх же папа титулу менен катар эле архиепископ деп атай башгашкан. 21-кылымда Константинополь (Жаңы Рим архиепискобу), Грузия (Мцхет жана Тбилиси архиепискобу), Сербия (Печь архиепискобу) жана Румыниянын (Бухарест архиепискобу) патриархтары архиепископ титулуна ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]