Архимед

Википедия дан

Архимед (грекче: Αρχιμήδης, б.з.ч. 287-212-ж.) ― Байыркы Грециянын улуу окумуштуусу, математиги, механиги. Ал Сицилия аралындагы Сиракуз шаарында, туулуп ошол жерде өмүр  сүргөн. Архимед астроном Фидийдин баласы деген божомолдор бар. Архимед ошол замандагы ири маданият борбору -Мысырды аралап, александриялык  окумуштуулардан,  алардын ичинде Конон менен Эратосфенден билим алган. Анын математикалык эмгектери өз заманынан алдыда болгон, бул эмгектерине дифференциалдык жана интегралдык эсептөөлөр ишке ашырылганда  туура баа берилген. Архимеддин көптөгөн математикалык эмгектеринин ичинен: ийри сызыктардын узундуктарын, ар түрдүү фигуралар менен денелердин көлөмүн жана беттеринин аянтын эсептөөсү артыкча орун алды.

Денелерди Архимед винти менен көтөрүү

Архимед рычаг мыйзамын, сууда өлчөө аркылуу курамын аныктоо таасирин тапкан, өз аты менен аталган гидростатика законун  ачкан, жер сугаруучу механизмдерди, жүк көтөрчү рычаг түзүлүштөр менен блокторду, таш атуучу, дубал бузуучу согуш куралдарын ж.б. ойлоп чыгарган. Рычагдын математикалык законун тапканда, Архимед “Тирөө куралын берсеңер, Жерди да төңкөрүп таштаймын”- деп айткан экен. Архимеддин чыгармаларынын көпчүлүгү сакталган эмес , ал эми  анын “Эратосфенге жолдогон” каты 1906-жылы гана табылган. Архимеддин эмгектери араб тилине,андан соң алар араб тилинен латын тилине которулуп, Батыш Европа элдерине тарай баштаган. 1823-жылы Архимеддин “Шар менен цилиндр” жана “Дөңгөлөктү өлчөө жана леммалар” аттуу эки китеби орус тилине которулган.

Архимед математика илимине да чоң салымын кошкон. Ал  Евдокстун “аягына чыгуу методун” өркүндөткөн. Архимеддин методун мүнөздөөчү негизги этаптары төмөнкүлөр:

1)тегеректин аянты анын сыртынан сызылган туура көп бурчтуктардын каалаган аянтынан кичине, бирок ичтен сызылгандардын аянтынан чоң экендиги далилденет;

2)алардын жактарын чексиз эки эселентүүдө бул көп бурчтуктардын аянттарынын айырмасы нөлгө умтулаары далилденет;

3)тегеректин аянтын эсептөө үчүн туура көп бурчтуктардын аянттарынын катышы алардын жактарын чексиз эки эселенткенде эмнеге умтулаарын табуу жетиштүү.

Аягына чыгуу методунун жардамы менен, ошондой эле бир топ башка курч мүнөздөгү табылгалар менен (анын ичинде механикалык моделдерди да пайдаланып) Архимед көп маселелерди чечкен. Ал  санынын чектерин тапкан, шардын жана эллипсоиддин көлөмүн, параболанын сегментинин аянтын ж.б. тапкан. Архимеддин өзү бул натыйжаларды жогору баалаган: анын өтүнүчү боюнча Архимеддин мүрзөсүнө цилиндрдин ичинен сызылган шар оюлган (андай шардын көлөмү цилиндрдин көлөмүнөн 2/3 не барабар экендигин Архимед далилдеген).

Интегралдык эсептөөлөрдүн көп идеяларын Архимед алдын ала билген.(Иш жүзүндө пределдер жөнүндөгү биринчи теоремалар ал тарабынан далилденгендигин кошумчалай кетели.) Бирок бул идеялар такталып, калыбына келип, эсептөөлөрдүн деңгээлине жетишине бир жарым миң жылдан ашык убакыт өткөн.

  • Жаңы табылгаларга жетишкен XVII кылымдын математиктери Архимеддин илимий эмгектерин үйрөнүшкөн. Андан башка метод бөлүнгүс методу да кеңири пайдаланууга ээ болгон жана ал Байыркы Грецияда жаралган.