Архипова Ирина Константиновна

Википедия дан

Архипова Ирина Константиновна (2.12.1925-жылы туулган, Москва — 2010) - орус опера ырчысы (меццо-сопрано), СССР эл арт. (1966), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Москва архитектура институтун (1948), Москва консерваториясын (1953) бүтүргөн. 1956-88-жылы Чоң театрдын (Москва) ырчы-солисти. Анын репертуарында 28ден ашык опералык партия бар (Бизенин «Карменинде» - Кармен, Вердинин «Аидасында» - Амперис, Прокофьевдин «Согуш жана тынчтыгында» - Элен жана башка). Жеке концерттерге да чыккан. Чет мамлекеттерде, анын ичинен Кыргызстанда гастролдо болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]