Архитектуралык графика

Википедия дан

Архитектуралык графика – архитектордун образдуу ой жүгүртүүсүн өз ичине камтыган графикалык көркөм өнөрдүн өзгөчө тармагы. А. г-да автордук эркин сүрөт (долбоордук бир шилтемдер, эскиз, штудия, идеалдык жана фантастикалык архитектуранын элестетилген түрлөрү) менен бирдикте техникалык жактан так сүрөттөлгөн арх-ралык объекттер, б. а. чийме (план, разрез, фасад, перспектива, ар кандай деталдар) пайдаланылат. Мындан сырткары А. г-га көркөм көбүнчө гравюраланган арх-ралык сүрөттөр менен чиймелер кирет (мис., Андреа Палладио, Джакомо Виньоланын, XVII–XVIII кылымдагы француз архитекторлорунун образдары). Планды сүрөттөө байыркы рим сүрөт чеберлеринен бери эле белгилүү болчу. Кайра жаралуу доорунан баштап, оптиканын өнүгүүсү менен чийме геометриянын пайда болушуна байланыштуу архитекторлордун күндөлүк ишине ар кандай проекциялар (фронталдык, эпюр, аксонометрия) кире баштаган линиялык перспективанын принциптери А. г-нын өзгөчөлүктөрүнө аз таасир тийгизген. Бирок алардын негизинде XVIII кылымда кеңири таралган арх-ралык перспектива – көрүүчүлөргө долбоорду көрсөтмөлүү алып чыгуу ыкмасы иштелип чыккан. А. г. көрүнүштөрүнүн ичинен ачык, таасирдүү графикалык образда көрсөтүлгөн прогноздоо, визионердик, иликтөө долбоору же болбосо «кагаз архитектура» деп аталган түрү өзгөчө бөлүнүп турат. Буга  XVIII к. француз рев-ячыл архитекторлору Никола Леду, Этьен Булленин, XX к. башындагы немец экспрессионисттери Бруно Таута, Эрих Мендельсондун, орус авангардынын (мис., живскульптарх бирикмесинин мүчөлөрүнүн) кээ бир өкүлдө­рүнүн, 1980-жылдардагы концептуалисттердин жана 1960-ж. архитектор-футурологдордун сүрөттөрү кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]