Архитектуралык колористика

Википедия дан

Архитектуралык колористика (лат. color – түс, өң, боёк) – түстүн жаңы композициялык формулаларын жана традициялык өзгө-чөлүктөрүн өз ичине камтып, мейкиндик чөйрөсүнүн колористикалык мүнөздөмөлөрүн иликтөөчү долбоорлоп – изилдөө ишмердигинин заманбап багыттарынын бири. А. к. XIX к. архитекторлордун полихрамия б-ча эмгектеринен (Жак Хитторф, Готфрид Земпер) жана XX к. 1-жарымындагы көркөм искусствонун түс жасоочу тажрыйбаларынан келип чыккан (Бул Вхутемас менен Баухауздагы эксперименттер). Бүгүнкү күндө А. к-нын үстүндө бир катар чет элдик борборлор иштеп жатат жана архитекторлор менен дизайнерлерди даярдоодо окуу программаларына киргизилүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]