Архитектуралык пейзаж

Википедия дан

Архитектуралык пейзаж – пейзаждын жанрдык бир түрү, табийгый чөйрөдө, живопись менен графикада чыныгы же элестетилген архитектуранын сүрөттөлүп берилиши. А. п-да архитектура менен жаратылышты бириктирүүгө жол берген аба жана линиялык перспектива чоң роль ойнойт. А. п-да ведут деп аталган XVIII кылымдагы перспективалык көрүнүштөрдү бөлүп көрсөтсө болот (мис., Венецияда Франческо Гварди, Бернардо Беллотто, Антонио Каналетто, Россияда Ф. М. Матвеев). Буга антик жана орто к-дык урандылар тартылган пейзаж түшүрүлгөн курулуштар жана вилла, чарбак, парк ансамблдери кирет (мис., Францияда Юбер Робер, Германияда Каспар Давид Фридрих, Россияда Ф. М. Матвеев жана С. Ф. Щедриндин эмгектери, Италияда Джованни Баттиста Пиранези, Джованни Паоло Паннинин элестик курулуштар менен урандылар тартылган фантастикалык пейзаждары). А. п. көп учурда перспективалык живопистин бир түрү болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]