Арча-Суу молибден жана сурьма кени

Википедия дан

Арча-Суу молибден жана сурьма кени Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, Ала-Бука кыштагынан чыгыш тарапта Касан дөңсөөсүнүн кырында. 1950-ж. табылган. Аймагында мраморлошкон акиташ теги, карбонатту кумдук жана соңку протерозойдун кварц слюдалуу сланецтери таралган. Алар майда жаракалар менен тилмеленген арчасуу брахиантиклиналын түзүп жатат. Руданын пайда болушу брахиантиклиналдык бүктөлүү менен байланышта болуп, акиташ теги жана сланецтин кошулган чегиндеги кварцтуу тилкеде жайгашкан. Рудалуу тилкенин калыңдыгы 10–15 м, узундугу 70–80 м. Рудада 50дөн ашык минерал бар. Негизгилери: молибденит, антимонит, пирит, сфалерит, коргошундун сульфоантимонити, өңү өчкөн руда, арсенопирит, вульфенит ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]