Арыбаңыздар

Википедия дан

Арыбаңыздар Унутулуп бараткан нечендеген сөздөрдү кээ бир куйма кулак жашпы, карыбы, ким болсо да, уккан жерден унутпай чогулта жүрүп, эл алдында сүйлөп же жазганы – демек өлгөн сөздү тирилткени. Сөздү өлтүрбөй, жаштарга айта жүрүү – айрыкча карыялардын нарктуулугунун өзгөчө белгиси демекчимин. Китептерибиз да ушундай маанилүү кызматты аркалай жүрүүсү керек. Ошол китептерибиз үйрөткөн бир сөз бар, ал – биздин күнүмдүк учурашуу сөзүбүз. Ошондон үйрөнүп алып, күн сайын бала-чакабыз менен, мугалим-окуучуларыбыз менен, керек болсо, карыяларыбыз менен да учураша калганда “Саламатсызбы?” деген жалгыз сылык да, муздак да сөздөн башканы оозубузга албайбыз. Чоң-ата-чоң-энелерибиздин бири-бири менен учурашканын эстейличи. Алардын бири: “Арыба, карыя!” – деп учурашса, экинчиси: “Бар бол, байбиче!” деп кыргыз наркын сактап, сыпайы учурашып, ал-жайын билишер эле да. А биз, кыргыздар, бүгүн, орусча “драсти” деп ойдолотуп, кээде казакча “калайсың” деп кайрып, кээде өзбекче окшошсо-окшошпосо да “яхшимсиз” деп короздонто учурашып, ата-бабаларыбызча учурашуу салтын биротоло өлтүрүп жок кылып жатпайлыбы. Жакшынакай угулат экен – бир ирет Кыргыз Эл Баатыры, белгилүү драматург агабыз Бексултан Жакиев көп эл катышкан жыйында сөз сүйлөп, “Арыбаңыздар, айланайын журтум!” деп заңк эте учурашып калды. Угуп отурган эл нарктуу замандашынын салттуу саламына муюп калды! Мына – сөздүн энергиясы! Сөздүн энергиясы бар дегенди – ушул сөздөрдөн улам билсе болот. Баса, “арыба” сөзү эмнени билдирип турат? Анын касиет-керемети эмнеде? Байкайлычы, кыргыз ата менен кыргыз энебиз учурашкан адамына “арыбаңыз” деп, “чарчаба, чаалыкпа” деген ниетин билдирип, “ооруба, бекем бол, алдуу-күчтүү бол” деп тилек кылып, “чүнчүбө, бүгүлбө” деп каалоосун айтып, ага күч-кубатты, бакубаттыкты тилеп, “арыба” сөзүнүн ар тараптуу, мааниси бай, наркы терең сөз экенин билгизип турат. Ага жооп кылып, алик алган адам “бар бол” деп жооп кылып, “эл ичинде бол, калктын катарында жүр, өксүбө, өнүп-өс” деп тилек кылып жооп айтат.