Арыктан секирип өтүү

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 5—10 киши.

Оюн арык аркылуу өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар арыктын жээгине бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар кезектери келгенде, бир аз күүлөнүшүп жүгүрүшүп келишкенден кийин арыктан секиришип өтүүгө аракеттенишишет, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн,

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир бирине тоскоолдук кылууга, бир убакытта бирден ашык оюнчуга секирүүгө, оюндун кезегин бузууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күч, ылдамдык, шамдагайлык тарбияланат, чечкиндүүлүккө, тартипти сактоого, узундукка секирүүнүн ыкмаларын үйрөтөт

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]