Арык 2

Википедия дан

Арык 2. Бул термин кыргыз тилинде «аруу», «таза» маанисин да туюнтат. Хакас тилинде бул термин эки маанини туюнтары маалым: 1. Дарыянын ортолугунда пайда болгон арал; 2. Аралда өскөн өсүмдүк, бак-дарактар; Экинчи мааниси: 1. Тунук; 2. Ыйык. Монгол тилинде (монг. ариг) «таза», «тунук», «жакшы» дегенди аныктайт. Кыргыздар менен этностук жакындыгы аныкталган сары югурларда «арык» сөзү «таза» деген мааниден башка, «кытайлардын бийлигин тааныган түрк тилдүү мусулмандар» дегенди түшүндүрөт. Кыргыздын бугу уруусунун курамында арык тукуму деген ири уруктар тобу белгилүү. 18-к. арыктар өз алдынча урук болгондугу, кийинчерээк бугулардын курамына киришкендигин окумуштуулар өз иликтөөлөрүндө белгилеп жүрүшөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]