Арьерсцена

Википедия дан

Арьерсцена - сахнанын түпкү, арт жак бөлүгү, негизги сахна бөлүгүнүн уландысы жана декорациялык түзүлүштөр үчүн кошумча жай. Азыркы кездеги театр имараттарында Арьерсцена кенен жасалат. Ал жерде декорациялар жайгаштырылып, аларды жылдырып келүүчү түзүлүштөр коюлат. Анын жогору жагында декорация көтөргүчтөр жана жарык берүүчү аппаратура орнотулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1