Асаналиев Абдыбек Жекшеевич

Википедия дан

Асаналиев Абдыбек Жекшеевич (1961 ж. туулган) – кыргыздын агрономия тармагындагы көрүнүктүү окумуштуусу. Айыл чарба илимдеринин кандидаты, доцент, К.И.Скрябин атындагы   Кыргыз Улуттук агрардык университетинин  окумуштуу катчысы

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Асаналиев Абдыбек Жекшеевич 1961-жылы  Ысык-Көл областынын Өрнөк айылында   туулган. Улуту - кыргыз.   

  • 1978-жылы  Чоң-Сары-Ой орто мектебин аяктаган.
  • 1983-ж. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун агрономия  факультетин артыкчылык диплому менен бүтүрүп “Окумуштуу агроном” квалификациясын алган.  
  • 1984-87-жж. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун аспиранты
  • 1987-88-жж. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун асисстенти
  • 1988-1990-жж. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун  өсүмдүк щстүрүүчүлүк кафедрасынын илимий кызматкери
  • 1991 жылы айыл чарба илимдеринин кандидаты илимий даражасын жактаган
  • 1993 жылы өсүмдүк  өстүрүүчүлүк кафедрасы боюнча доцент наамын алган
  • 1990-1996-жж. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун өсүмдүк  өстүрүүчүлүк кафедрасынын доценти
  • 1996-2000-жж. Кыргыз агрардык академиясынын агрономия факультетинин деканы
  • 2000-2001-жж. Кыргыз агрардык академиясынын өсүмдүк  өстүрүүчүлүк кафедрасынын башчысы
  • 2001-2011-жж. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба университетинин өсүмдүк  өстүрүүчүлүк кафедрасынын доценти.

Үй-бүлөсү тууралуу маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөлүү, үч балалуу. Жубайы – КАЛБАЕВА Айжан Курмангалиевна,    жогорку билимдүү өсмдүктөрдү коргоо адистигиндеги агроном. Уулдары Барсбек, Азар, Тагай. 

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий иштеринин темасы: Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн азыктуулугу жана аларды өстүрүүнүн селекциялык жана үрөнчүлүк негиздери. Темасы боюнча бир нече көрсөтмөлөрдүн автору.

Негизги илимий–методикалык эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. «Кылкандуу дан эгиндеринин сорт таануусу» боюнча методикалык көрсөтмөлөр», Методическое указание.-Бишкек.-., 33 б.
  2. Кыргызско-русско-английский сельскохозяйственный словарь (окуу курал), Кыргызско-русско-английский сельскохозяйственный словарь.-Бишкек.-. 1,2 п.л.
  3. Dictionary of agriculture and forestry (guide), Dictionary of agriculture and forestry.-Bishkek.-2000., 142 p.
  4. Attaining Food Security in the Kyrgyz Republic trough the Rational Use of Natural Recourses (article-макала), In book: Food Policy Reforms in Central Asia.-Washington.-2000., p.147-156
  5. Groundnut (Arachis hypogaea L.) in Kyrgyzstan (макала). In book: Groundnut Production in Central Asia and Caucasus Countries: Outlook for the future.-Andhra Pradesh.-India.-2001., p.15-19
  6. Food chain of agriculture of Kyrgyzstan - gained experience, learned lessons and development perspectives (макала). In: Alpas H, Smith M, Kulmyrzaev A. (eds). 2012. Strategies for achieving food security in Central Asia. Springer, The Netherlands, Springer. pp 21-30
  7. Genetic diversity analyses in Phaseolus vilgaris L. using morphological traits (макала), Genetic Recourses and Crop Evaluation, DOI 10.1007/s10722-013-0056-3. Volume No.7. Springer, 2013
  8. Evaluation of microsatellite-based genetic diversity, protein and mineral content in chickpea accessions grown in Kyrgyzstan (макала), Hereditas. 151: 81-90. 2014. PP.80-90. 2014
  9. Продовольственная безопасность и питание (книга), Продовольственная безопасность и питание: учебное пособие.- Бишкек.- “Кут-Бер”, 2015.-360 с.
  10.  Көркөм чыгармаларды талдоого окуучулардын кабыл алуусун даярдоо. -Б.: Кут бер, 2014. – 32 б.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2011-ж. Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын отличниги. 
  • 2016-ж. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы.

Доцент АСАНАЛИЕВ А.Ж.  илимий жетекчилиги   менен корголгон диссертация[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Султанбаева В.А., “Продуктивность различных сортов нута в условиях Чуйской долины Кыргызстана”, 2011 ж. Айыл чарба илимдеринин кандидаты. 

Ал расмий оппонент болгон   окумуштуулары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абдыкаирова Айнакан Ибрагимовна, 2001 ж., “Основные приемы возделывания кормовой свеклы для фермерских хозяйств Чуйской долины”. Айыл чарба илимдеринин кандидаты диссертациясы.