Асаналиев Жумаш

Википедия дан

Асаналиев Жумаш - (10. 5. 1923, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Отуз-Уул айылы, 25. 6. 1944) - Советтер Союзунун Баатыры (1944). Советтик Армиянын катарына 1942-ж. чакырылган. Улуу Ата Мекендик согушта 67-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 199-гвардиялык полкунда пулемётчу болгон. 1944-ж. 24-июнда Батыш Двина дарыясынан совет жоокерлери чабуул коюп, Лабейка кыштагынын (БССР) жанынан өткөндө, Асаналиев Жумаш өз пулемёту менен душман ээлеген жээкке биринчилерден болуп чыгып, батальондун оң флангасынан орун алып, гитлерчилердин контр чабуулуна каршы салгылашкан. Пулемёту жараксыз болуп калган соң, фашисттер жакындап келгенде, акыркы гранатасын жардырып, айланасындагы фашисттерди кырып, өзү да курман болгон. Лабейка кыштагынын жанына коюлган. Белоруссиянын борбору - Минск шаарындагы жана туулуп-өскөн айылындагы көчөгө ысмы ыйгарылып, Минск шаарында эстелиги тургузулган (2004).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1