Асаналиев Талант

Википедия дан

Асаналиев Талант (11. 10. 1073-ж. туулган, Суусамыр кыштагы) - төкмө акын, запастагы моряк.

Орто мектепти аяктагандан кийин, 1991-93-жылдары Түндүк деңиз флотунда Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. Армиядан кийин механизатор-айдоочу болгон.

Атасы Кабыл комузду жакшы чертип, жамактап да ырдаган. Атасынан таасирленип комуз чертип, терме үйрөнгөн.

Айылдагы өздүк көркөм чыгармачылыгынын активдүү катышуучусу жана ошондой эле конкурстарга да катышкан. Ал эми райондо, облуста өткөрүлгөн айтыштарга устаты, акын Абдиев Ташкенбай менен барып жүргөн.

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин өткөрүлүп келе жаткан төкмө акын акындардын айтышына жыл сайын катышып келет. Учурда Суусамыр кыштагында маданият үйүн жетектейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9