Асаналиев Тилек

Википедия дан

Асаналиев Тилек (4. 4. 1944-ж. т., Тажик ССРи, Жерге-Тал району, Чоң-Кыргыз айылы) - милициянын генерал-майору, юридика илимдеринин профессор (1993), доцент (1997), Кыргыз ССРинин ИИМинин эмгек сиңирген кызматкери (1986). Горький шаарындагы Политехника институтунун механика факультетин (1967), СССР ИИМинин академиясын (1979) бүткөн. 1967-81ж. Кыргыз ССР ИИМинин Түзөтүү-эмгек мекемелери башкармалыгында бөлүмдүн инженери, улук инженери, диспетчер бөлүмүнүн начальниги, 1981-91-ж. 3-түзөтүү-эмгек колониясында (ТЭК) саясий-тарбиялык иштер боюнча начальниктин орун басары, ТЭКтердин (1, 29, 26) начальниги, 1991-99-ж. КРнын ИИМинин Бишкек жогорку мектебинин начальниги, 19992005-ж. ИИМдин кадрларды даярдоо борборунун начальниги. 2005-жылдан ИИМдин системасында жетекчилик кызматта. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1