Асанбаев Кенжегазы Мамбетович

Википедия дан

Асанбаев Кенжегазы Мамбетович (1960-ж. т., Жети -Өгүз району, Дархан айылы) - композитор.

  • Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2000).
  • 1970-ж. Фрунзедеги М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын скрипка классында окуган, 1964-ж. теориялык бөлүмүнө которулат.
  • Композициядан А. Жаныбековдун классында окуган.
  • Бир эле мезгилде 1965-ж. Кыргыз мамлекеттик (азыркы улуттук Баласагын атындагы) университеттин филология факультетин бүтүргөн.
  • 1968-74-ж. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун музыкалык факультетинде,
  • 1969-ж. Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун композиция кафедрасында мугалим болуп иштеген.
  • Композитор, проф. А. Жаныбековдун классын 1974-ж. бүтүргөн.
  • 1982-жылдан СССР композиторлор союзунун, 1991-жылдан Кыргыз композиторлор союзунун мүчөсү.
  • «Каныкей» аттуу симфониянын, камералык оркестр үчүн кыргыз темасына жазылган симфониялык поэмалардын, «Кыргыз кайрыктары» аттуу симфониялык күүлөрдүн, симфониялык увертюранын, симфониялык сюитанын, труба, оркестр үчүн концерттин, «Мекен ыры» аттуу вокалдык-симфониялык поэманын, фортепьяно үчүн сонаттшардын, пьесалардын автору.

Булардан башка республиканын театрларьша коюлган көптөгөн спектаклдерге музыка жазган. Мис., Б. Жакиевдин «Күттүргөн жаз да келер», :Т. Абдумомуновдун «Жоробайдын жоруктары», Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күн», «Саманчы жолу», «Кыямат», «Кош бол, Гүлсары» ж. б. спектаклдерге музыка жазган.

Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институнун музыка теориясы кафедрасынын проф. А. Малдыбаев атындагы эл аралык сыйл. Лауреаты (2001).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.