Асанбай уулу Жумаш
Асанбай уулу Жумаш Уста. 1917-ж. Ак-Суу районунун Ичке-жергез айылында төрөлгөн.
35 жыл колхоз устаканасында узанган. Анын чеберчиликке ышкылануусуна атактуу зергер Кебектин таасири аябай зор болгон. 1932-ж. 15 жашында Ичке-Жергезде айыл чарба артелинин устаканасын уюштурган. Ал кумүш буюмдарын жасап, ага «айчык» түшүрөт. Көгуш айнек сымал минавы (күмүшкө төгүүчү сыянын бир түрү) былчыратып, аябай күлбото кылып билерикке түшкөн оюм чийимге салат. Аны отко койсо эрийт да, оюм бети кашкая түшөт. Ал кургаганда курук кийиз менен жышыйт. Зергер кепшер жасоону Кебектен үйрөнөт. Кепшер үчүн болжол менен күмүштөн эки эсе, ыроодон (цинк) бир эсе кошуп аралаштырып уютат. Уста кепшерин колдонууда кетип майдалап же өгөөлөп алат. Ага ак данакерди кошуп тапка кармап, аны менен тең бөлүнгөн темирлерди ширетет. Ат жабдыктарын да кармайт. Ал кайык кайышка үндөштүрө «беш кашка өрүмүн» берет. Жабдыктын бүтүндөй шөкөттөрүн сары жезден тандап, өзүнүн калыбына куят. Элдик куймалардан анча айырмаланбайт. Устанын куйма үзөңгүсү үч бөлүктөн турат. Моюнун жана эки жаагын (билегин) кепшер аркылуу ширетет. Азыр Ак Суу районунун Боз Учук айылында жашайт. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары. 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык II кароо-сынагы». Ат жабдыктары үчүн Обкомдун жана Облаткомдун диплому. Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин грамотасы.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0