Асанбекова Зулета Акылбек кызы

Википедия дан

Асанбекова Зулета Акылбек кызы Чырмакчы жана саймачы. 1972-ж. Лейлек районундагы Исфана айылында төрвлгөн. Орто билимдүү.

2017 жылы Талас Мамлекеттик Университетинин " Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн методикасы" адистиги боюнча мугалим квалификациясы ыйгарылган.

1991-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Азыр Талас областынын Кара-Буура районундагы Бакайыр айылында турат. Анын чыгармачылыкта уздануусуна атасы Акылбек (сүрөтчү), энеси Алымкан (уз) зор таасир берген. Ал чий чырмакты, сайма саюну 5-класстан тартып көркөм үлгү аркылуу кармоого өтөт. Уз аяк кап, текче сыяктуу чакан буюмдарына көбүнчө бир табакчаны алат. Мындай ортолук оюмдун - көчөттүн жээги (четтиги) «аламыч» катары түшөт. Жердиги кийиз, жаргактан турган саймаларында «мүйүз оюмдары» менен «куш канат», «жагалмай канат» сымалдарын оң-тескери түшүрүү аркылуу табакчалардын ичинен өзөктү алдыга чыгара билет. Көркөм көчөт-оюмдар чий, саймаларда боёкту тандай билүүсү менен эриш-аркак колдонулуп, ал сатууга, музейлерге экспонатталууга оңтойлошот. Зулета килем да токуйт. Ага жээги «кош кайкалактан» турган «ашкана көчөтүн» (чий чырмак буюмдарынан) көчүрүп бере алат. Эмгеги түстүү баттамада. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1989-ж. Кыргызстан Эл чеберлер союзун уюштуруу курултайына карата «Эл чеберлеринин республикалык көргөзмөсү». Сайма белекбечкектери үчүн ЭЧЖРКнүн III даражадагы диплому, медалы; 1991 ж. Кыргызстан Эл чеберлеринин уюштуруу көргөзмөсү. Чий, сайма туштуктары коюлган. 2019жылы эл аралык көчмөндөр оюндарында чий токуу бойюнча экинчи орунга ээси болгон. Азыркы учурда М. Чалданбаев ат.ор.мектебинде сүрөт сабагынан мугалим болуп иштейт. Үй бүлөлүү алган жары Кудайкулов Нуржан Токтоназарович, беш баланын апасы жана төрт неберенин чоң апасы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0