Асанбеков, Сарман (Абдул)

Википедия дан

Асанбеков, Сарман (Абдул) - акын, искусство таануучу, театр сынчысы. 1935-жылы 8-августта Талас районундагы Арал айылында туулган. 1953-жылы Талас шаарындагы №1 орто мектепти, 1958-жылы КМУнун филология факультетин, 1966-жылы Кыргыз ССР илимдер академиясынын аспирантурасын бүтүргөн. Москвадагы СССР Маданият министрлигинин Искусство институтунда такшалуудан өткөн.

Эмгек жолун 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик сүрөт өнөрү музейинин илимий кызматкери болуп иштөөдөн баштаган, Кыргыз театралдык коомунун Актерлор үйүнүн директору, 1968-жылдан Фрунзедеги көркөм өнөр окуу жайынын директору, 1975-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын КСЭсинин Башкы редакциясында маданият жана искусство редакциясынын башчысы, ошол эле учурда иллюстрация жана картография редакциясынын башчысы болгон. 1977-жылдан «Кыргызстан» басмасынын искусство бөлүмүнүн башчысы, 1985–1986-жж. Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинин репертуардык-редакциялык кол-легиясынын редактору, 1987-жылдан «Кыргызстан маданияты» гезитинин редакциясында искусство бөлүмүнүн башчысы жана редакциялык кеңештин мүчөсү болгон, 1993-жылдан Фрунзе шаардык музейлердин бириктирилген дирекциясынын илим боюнча директорунун орунбасары, 1996-жылдан Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун режиссердук кафедрасына доцент болуп кабыл алынган, ал эми 1997-жылдан ошол институттун режиссура жана актердук чеберчилик кафедрасында профессор болуп эмгектенет.

Биринчи ырлар жыйнагы «Ыргак» деген ат менен 1962-жылы жарык көргөн.

С.Асанбековдун негизги чыгармачылык багыты сын жана искусство таанууда көрүнгөн.

1961-жылдан СССР театр ишмерлер союзунун, 1980-жылдан СССР Жазуучулар, СССР Сүрөтчүлөр жана СССР Журналисттер союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сүрөтчү: Гапар Айтиевдин чыгармачылыгы жөнүндө. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 113 б.

Ыргак : Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1963. – 103 б.

Табитти тарбиялоо. – Ф.: Мектеп, 1963. – 75 б.

Турмуш жана искусство: Сындар жана очерктер. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 200 б.

Гапар Айтиев. – Ф.: Кыргызстан, 1972. –36 б.

Изденүү жана табылга: Сын-макалалар. – Ф.: Мектеп, 1977. – 91 б.

Ишеним : Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 92 б.

Азыркы кыргыз драмасы. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 188 б.

Сары-Булак : Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1981. – 104 б.

Жаштыкка саякат: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 154 б.

Машакаттуу бийиктик: Сын-макалалар, адабий портрет. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 160 б.

Алиман Жангорозова: Чыгармачылык портрет. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 124 б.

Мираида Далбаева: Чыгармачылык портрет. – Ф.: Адабият, 1989. – 96 б.

Марат Алышбаев: Монография. – Ф.: Кыргызстан, 1998. – 46 б.

Айтматов жана искусство : Макалалар жыйнагы (Авторлош). – Ф.: Кыргызстан, 1978.

Жерге-жээктүү Жеңиш Сулайманов. Эссе. – Б.: Учкун, 2002. – 4 б.


Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сабырбек Акылбеков. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 90 с.

Колхозный музей. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 119 с.

Изобразительное искусство Кыргызстана: История искусства (в соавт.). – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 640 с.

Джакул Кожахметов. – Ф.: Кыргызстан, 1990. – 80 с.

Поиски: Сборник статей (в соавт.). – Ф.: Кыргызстан, 1990. – 160 с.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]