Асанбек Айылчиев

Википедия дан

Айылчиев Асанбек (1930–2003) – физикаматематика илимдеринин кандидаты, профессор, СССРдин, Кыргыз ССРинин билим берүүсүнүн отличниги, КР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, «Ардак Белгиси» ордени, «Эмгектеги каармандыгы үчүн», «Эмгек ветераны» медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин, КР Ардак грамоталары менен сыйланган. 1953 ж.Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-математика факультетин бүтүргөн. 1953-1957ж.Ош педагогикалык институтунун математика кафедрасынын жана В. В. Маяковский атнындагы кыз–келиндер педагогикалык институтунун математиканы окутуунун методикасы кафедрасынын ага окутуучусу,1960-1976 ж. ушул эле кафедранын башчысы, 1976-1997 ж. педагогикалык факультетинин деканы болуп эмгектенген. Айылчиев 100дөн ашык илимий эмгектердин, анын ичинен 3 монография, 10дон ашык окуу китептеринин автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,