Асанга

Википедия дан
Асанга.

Асанга (310–390) – индиялык философбутпарасчы, йогалык мектептин негиздөөчүлөрүнүн бири.

Эң башында ал хинаянеге кошулган, кийин махаянанын түзүүчүлөрүнөн болгон. Асанганын белгилүү чыгармасы – «Махаяна-сумуччая» (же «Абхидхарма-самуччая»). Ойчулдун «Махаяна-санграха» аттуу эмгеги философиялык баалуулукка ээ. Асанганын концепцияларына хинаянанын (айрыкча психологиядагы) түшүнүктөрүн кабыл алуу мүнөздүү. Асанга тантризмдин өнүгүшүнүн бирден бир баштоочуларынан да болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]