Асанов, Тилек

Википедия дан

Тилек Асанов (1982-жылдын 1-февралында Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Сары-Камыш айылында туулган) - манасчы.

Атасы Асан айылдын кадырлуу табыпкери, жамакчысы, санжырачысы. Чоң атасы Сооронбай учурунда Кыдыр акенин мүнүшкөрү, саяпкери болгон.
Тилек он эки жашында нагыз манасчыларга таандык түш көрүүдөн кийин гана «Манас» айтып калат.
Түшүндө Манастын кырк чоросу тегеректеп курчап келип, арасынан кимдир бирөө коңур үн менен: «Манас атаңды билесиңби?» - деп, собол салат. Он эки жашар бала эмне деп жооп кайтараарын билбей, акыры «Билем!» - деп, айта салат. Баягы үн: « - Анда эмесе, мындан ары баатыр Манастын баянын айтасың!» - деп, өкүм кылат. Баланын айласы кетип: « - Мен «Манас» айта албайм, айтпайм!» - деп, каяша айтат. «Айтпайм деп, айтчу болбо, айтасың!» - деп, буйрук кылат. Бала, тегеректеп турган баатырлардын сүрүнөн коркуп: «Айтам!» - дейт. Ошондо, көпчүлүктүн ичинен кимдир бирөө: «Бул балага өзүң айтып, баштап бербесең болбойт. Коркуп калды окшойт» - дейт. Кайдан-жайдан Саякбай манасчы пайда болуп: «Кана эмесе, угуп тур!» - деп, «Манас» айта баштайт. Бир аз айткандан кийин: «Эми ушул айтканымды улап айт!» - дейт. Бала, манасчынын айтканын улап, бир топко чейин айтып барып, анан эмне болгонун билбей калат. Мына ошол түштөн кийин Тилек ачыкка чыгып, эл ичинде «Манас» айтып калат.
Ал, райондук, областык, республикалык маданий иш чараларга, манасчылардын кароо-сынактарына, фестивалдарга катышып, «Манас» эпосунун айрым окуяларын айтып, алдыңкы орундарды ээлеп келген. 1998-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана ПРООНдун – «Устат-шакирт» аттуу долбоорунун алкагында, Шаабай манасчынын шакирти катары манасчылык өнөрдүн үлгүсүн алат. Тилек 2001-жылы Лондон калаасында өткөрүлгөн Бүткүл дүйнөлүк фестивалга катышып, лауреат болуп табылган. Азыркы учурда Т.Асанов таланттуу манасчылардын бири болуп саналып, «Манас» эпосунун салттык окуялардын дээрлик баарысын айтып келет.