Асан Ормушев
Асан Сулайманович Ормушев (1951) – кыргыздын заманбап тарыхчыларынын бири, тарых илимдеринин кандидаты, Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин президенти.
Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]
Асан Сулайманович Ормушев 1951-жылдын 3-сентябрында Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр кыштагында туулган.
Асандын чоң атасы Ормуш өз доорунда мекеге барган ажы болгон.
Асандын атасы Сулайман колунан көөр төгүлгөн уста болгон, апасы Жумабүбү экөө тең карапайым, турмуш тиричиликтерине тың, эл ичинде кадыр-барктуу адамдар эле.
Асан – бир үйдүн жалгыз баласы болгондуктан ата-энеси бүт мээримин төгүп чоңойтушкан. Бирок, жалгыз балабыз деп, обу жок эркелетпестен айылдагы бардык балдардай эле нукура кыргыз үй-бүлөсүнүн тарбия-таалимин беришкен.
Ал орто мектепте окуп жүргөндө «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору айылдык дүкөндөрдө сатыла баштаган. Ошол жылдары Сулайман Ормушев «Манастын» үч томдугун сатып алып, дайыма эл алдында Асанга окутчу эле.
1969-жылы ал кездеги СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факультетине тапшырат.
Студент кезден берки досу Аскар Беделбаев мырза Асан Ормушевдин жаш чагын мындайча эскерет:
“Окууга өткөн күндөн тарта экөөбүз тең үйдө, ал атасынын бир тууганы, академик Сатар Ильясовичтикинде, мен жакын туугандарыбыздыкында жашап калдык. Бул да биздин достуктун бекемделишине өбөлгө болду. Көбүнесе сабактан же китепканадан кийин бири-бирибиздин үйлөрүбузгө көп баргандыктан эки тарап тең бизди өз балдарындай кабыл ала, ишеним көрсөтүшчү. Айрыкча, Сатар Ильясовичтин нускалуу китептери биздин мамилени бекемдеп, тарыхка болгон ынтызарлыгыбызды арттыра, келечекте илим жолуна түшүүбүзгө себепкер болду. Асакем жаратылышынан тынчы жок, жаны тыным албаган эмгекчил жана изденич инсан. Республикабыздагы коомдук-саясий иштерге гана аралашпастан, алыскы чет өлкөлөрдүн – Түркия, Иран, Сауд Аравиясы, Египет, Кувейт мамлекеттеринин Кыргызстандагы өкүлдөрү менен тыгыз байланышта иштеп келет”, - дейт А.Беделбаев.
Асан Ормушев 1974-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факультетин ийгиликтүү аяктаган.
1974-жылы илимий ишке киришип, кенже илимий кызматкер болуп Улуттук илимдер академиясында иштей баштаган.
Кыргызстандын жумушчу табынын тарыхы жаатында илимий изилдөөсүн жүргүзүп, 1983-жылы 9-мартта «Кыргызстандагы жумушчулардын өнүгүүсү» деген темада кандидаттык диссертацияны коргогон.
1994-жылдын башында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Апас Жумагуловдун буйругу менен «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын өткөрүү боюнча атайын дирекция уюштурулуп, Таластагы театралдашкан оюн-зоокту уюштуруунун директору болуп Асан Сулайманович Ормушев, директордун орун басарлыгына Аскар Беделбаев дайындалган.
«Төрөкул Айтматов» аттуу илимий-документалдуу фильмдин сценарийи үчүн 1994-жылы 26-январда Ч.Айтматов атындагы Эл аралык коомдук академиянын академиктигине шайланган. Төрөкул Айтматов жөнүндө бир нече илимий макалаларды жазган. Чыңгыз Айтматов уюштурган «Диалог Евразия» платформасы аркылуу Ч.Айтматовдун чыгармаларына арналган бир нече конференцияларды өткөргөн.
1995-жылдын сентябрынан 1997-жылдын сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында идеология бөлүмүн жетектеген. 1997-жылдын август айынан 2000-жылдын январь айына чейин Ататүрк фондунун Генералдык директорлук милдетти аткарган.
1999-жылы ал Бишкек шаарында эл аралык Кыргыз-Кувейт университетин негиздейт, 2000-жылдын 1-февралынан тартып анын туңгуч жана бирден-бир ректору болот.
Университеттин Коомдук фондунун 2004-жылы 7 ноябрдагы чечими менен бул университетке Махмуда Кашгари-Барсканинин ысымы ыйгарылган.
Ушул тапта окуу жай Махмуд Кашгари Барскани атындагы Чыгыш университети катары кеңири таанымал. Анын алгачкы ректору – профессор Асан Ормушев.
2011-жылдын июнь айынан тартып Асан Ормушев аталган университеттин президенти кызматын аркалап келет.
Саясий ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]
1980-жылдардын аягында ыраматылык СССРдин камчысы күч болуп турган маалда Кыргызстанда да жаштар ойгонуп, кыргыз тили, мекен ыйыктыгы, мамлекеттин көз каранды эместиги жөнүндө кеп боло баштаганда Асан Ормушев көч башында жүрдү.
Ал кыргыз тагдырын ойлогон “Асаба” Улуттук кайра жаралуу саясий партиясын түзгөндөрдүн бири, бир катар жылдар бою партиянын лидери болду.
КДКнын белдүү өкүлү, Башкармалыгынын мүчөсү болду.
Ал Республиканын коомдук саясий иштерине дайыма катышат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдагы жардыгы менен кыргыздардын Бүткүл дүйнөлүк 1-курултайын өткөрүүгө катышкан.
1999-жылы Ататүрк атындагы илимий – изилдөө борборунун илимий кеңешинин мүчөлүгүнө шайланган (Түркия), Кыргыз Республикасынын Достук коомунун астындагы Кыргыз-Кувейт коомунун президенти, «Диалог Евразия» Платформасынын Кыргызстандагы улуттук кеңешинин төрагасы, Мамлекеттик тарых музейинин Окумуштуулар кеңешинин мүчөсү катары иштеп келет.
Үй-бүлөсү[оңдоо | булагын оңдоо]
Үй-бүлөсү бар. Жубайы – Асипа.
Алардын төрт баласы бар.
Илимий жана ректордук иши[оңдоо | булагын оңдоо]
Асан Ормушев 200гө жакын илимий макалалардын, анын ичинен 10дон ашык брошюралардын, окуу китептердин автору катары жумурай журтчулукка таанымал тарыхчы, илимпоз.
2010-жылы октябрь айында Кыргызстандагы Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетине Англиянын Оксфорд шаарынын мэриясынын атайын чечими менен Европа менен Чыгыш мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык, маданий байланыштарды чыңдоодогу жетишкендиктери жана жаштарга эл аралык деңгээлдеги билим, тарбия берүүдөгү артыкчылыгы үчүн ыйгарылган «Алтын Пальмира» эл аралык жогорку наамына жетиштин өзү эле Асан Ормушевдун жетекчилиги менен аталган окуу жай зор иштерди бүтүргөндүгүн кабарлайт.
2012-жылдын 11-февралында “Кыргызстан Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинин уюштуруу жыйынына катышты.
Илимий жыйындарга катышуусу[оңдоо | булагын оңдоо]
Бишкек, Алма-Ата, Астана, Ташкент, Стамбул, Анкара, Анталия, Тевриз, Түндүк Кипр-Левкоша, Баку, Кутаиси, Москва, Казань, Нью-Йорк, Деңизли-Памуккала, Каир, Эль-Кувейт, Дубай, Мекка, Медина сыяктуу шаарларда өткөн эл аралык илимий конференцияларга, жыйындарга, симпозиумдарга катышкан.
Наамдары. Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]
Эл аралык Айтматов академиясынын академиги (1994).
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган (2011-жылдын ноябры).
Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу (2011).
Бүткүл союздук жаш илимпоздордун коомдук илимдер боюнча өткөрүлгөн конкурсунун лауреаты.
Эмгектеринин тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]
Кыргыз элинин 20-кылымдагы жана көөнө тарыхына, ислам тарыхына, ислам цивилизациясына байланыштуу илимий макалалардын жана бир нече монографиянын автору.
Анын калеминен 200дөй илимий жана публицистикалык эмгектер, анын ичинде: «Нарын каскадынын оттору» (1981), «Рост культурно-технического уровня рабочих-строителей Киргизстана» (1982), «Улуттук жумушчулардын тарыхынан» (1992), «Алыскы сапарда» (1992), «История кыргызов и Кыргызстана» (1996, жогорку окуу жайлардын студенттерине арналган окуу китебин жазууга катышкан), «Ислам цивилизациясы» (2003), «Себат – билим берүү уясы» (2007), «Аль-Харамга зыярат» (2009), «Себат – колыбель знаний» (2010), «21-кылымдын жаңы муундары» (2011), «Кыргыз-Кувейт мамилеси» (2011) аттуу илимий-монографиялар, окуу китептери жана илимий-публицистикалык жыйнактар жаралган.
- А. С. Ормушев. Рост культурно-технического уровня рабочих-строителей Киргизстана. - Фрунзе: Илим, 1982. - 111 с.
- «Улуттук жумушчулардын тарыхынан» (1992)
- «История кыргызов и Кыргызстана» (1996, жогорку окуу жайлардын студенттерине арналган окуу китебин жазууга катышкан)
- «Ислам цивилизациясы» (2003)
- «Кыргыз-Кувейт мамилеси» (2011)
Адабият[оңдоо | булагын оңдоо]
- Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий исторический и био-библиографический свод / Отв. ред. У.А.Асанов. - Бишкек: Центр госязыка и энциклопедии, 2002. - 544 стр., илл., карты. (ISBN 5-89750-142-4) [мында 456-бетте.)]
Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]
- http://www.azattyk.org/content/Kyrgyzstan_Politics_Round_Table/2144612.html
- http://www.akbashat.kg/8-10.php(жеткиликсиз шилтеме)
- http://dap.kg/index.php/component/content/article/13-2011-12-12-10-05-20(жеткиликсиз шилтеме)
- http://kabar.kg/rus/society/full/19751(жеткиликсиз шилтеме)
- http://www.kyrgyztuusu.kg/maaniluu-maek/3259-kutman-kurak.html(жеткиликсиз шилтеме)
- http://www.presskg.com/tuusu/10/1005_13.htm Archived 2016-08-25 at the Wayback Machine
- http://kg.fgulen.com/maalimat-bulaktari/26630-kasgarli-mahmut.html(жеткиликсиз шилтеме)
- http://www.kyrgyztuusu.kg/maaniluu-maek/4184-taanymal-taryhchy-mykty-okutuuchu.html(жеткиликсиз шилтеме)
- http://www.barakelde.org/news:21293/
- http://kgz.chygysh.kg/content/blogcategory/2/31/ Archived 2012-07-02 at the Wayback Machine
- http://www.obrazovanie.kg/uchrezhdenija/visshee/universiteti/vostochnij_universitet Archived 2012-03-04 at the Wayback Machine