Асбест-цемент

Википедия дан

Асбест-цемент - портландцемент жана хризотил-асбест буласынын (була узундугу 1-10 мм) суудагы аралашмасынан алынуучу курулуш материалы. Портландцемент массасынын 100 бөлүгүнө асбест массасынын 15-20 бөлүгү кошулуп жасалат. Асбест-цементтин курамындагы асбест буласы өтө бышык, щелочторго туруктуу жана цементке караганда адсорбциялык жөндөмдүүлүгү жогору болгондуктан армирлөөчү элементтин ролун аткарат, ошондой эле ал Асбест-цементтин ийкемдүүлүгүн жана бышыктыгын арттыргандыктан, андан 5-10 мм калыңдыктагы такта алууга болот. Анын бышыктык чеги кысылууда 90 МПа, ийилгенде 30 МПа; иштетүү илээшкектиги 1,82,5 кДж/м2. Асбест-цемент дээрлик суу өткөрбөйт, узакка пайдаланылат, отко күйбөйт, электр тогун өткөрбөйт. Кемчилиги - нымдуулук узак убакыт таасир эткенде быркырап, деформацияланышы мүмкүн. Ал үйдүн чатырын жабууда, такта жана түтүктөрдүн бетин каптоодо конструкциялык материал катары пайдаланылат. Асбест-цемент буюмдарын өндүрүү технологиясын 1901-ж. австриялык инженер Л. Гатчек сунуштаган. Мындай такта чыгаруучу алгачкы заводдор 1903-ж. Феклабруккта (Австрия), 1910-ж. Европа менен Америкада курулган. Россияда 1908-ж. Брянск шаарында өндүрүлө баштаган. 1913-ж. Италияда Асбест-цементтен жиксиз түтүктөр жасала баштаган. 1933-жылдан СССРде толкундуу шифер чыгарылган. 1990-жылдын акырынан баштап азыркыга чейин түстүү же полимер пленка чапталган жана декоративдүү минерал күкүм менен капталган такталар жасалат. Андан электр техникалык электр-изоляциялоочу такталар жасалып, электр щиттеринде, электр машинасынын негизин жасоодо колдонулат. Мындай такталардан башка асбест-цемент түтүктөрү тиричиликте көп колдонулат. Алар канализацияда желдеткич кабель жаткыруу үчүн, таштанды салынуучу түтүктөрдө пайдаланылат. Мындай түтүктөрдү жылуулук трассасы үчүн пайдалануунун артыкчылыгы бар. Болот түтүккө караганда мындай түтүктөрдү дат баспайт; суу тийгенде түтүк мурдагыдан дагы бышык тартат; жер астындагы суу таасир этпейт. Асбест-цемент түтүктөр муфталуу бириктиргич менен бириктирилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1