Асбест-цемент конструкциясы

Википедия дан

Асбест-цемент конструкциясы — толук же жарым-жартылай асбест-цементтен даярдалган жылуулук өткөрбөөчү материалдын, каркастын жыгач же металл элементи менен бириктирилген бөлүктөрү. Ал өндүрүш имаратын жабуучу жылуулантылган (минералдык кийиз менен) плиталар түрүндө болот. Монолит конструкциялары (плита, панел) жылууланткыч катмар (пенопласт) менен бириктирилген эки жалпак баракчадан даярдалат. Каркас түрүндөгү конструкциялар - каркас желими же буроомыгы (шуруп) менен бириктирилген асбест-цемент баракчаларынан турган плита жана панелдер кеңири таралган. Каркас үчүн жыгач же металлдан жасалган асбест-цемент устундары колдонулат. Плитанын туурасы 1,2 - 1,5 м, жабуу кеңдиги 3 жана 6 м болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1