Асем буюмдар

Википедия дан

Асем буюмдар - 1) зергерчиликте көркөмдөлүп жасалган кооз буюм. Алтын, күмүш жана башка металлдан жасалып, бетине асыл таш (алмаз, бермет ж. б.) чөгөрүлөт. Аларга сөйкө, шакек, билерик, желбирөөч, топчу, төөнөгүч, чолпу ж. б., ошондой эле шөкөттөлгөн ат жабдык, жоо-жарактары, аңчылык буюм жана музыкалык аспаптар кирет; 2) Кол өнөрчүлүктөгү көркөм жасалга. Боз үйдүн ички-сырткы жасалгасы, үй буюмдары, ат жабуу, улуттук кийим-кече жана башкага көркөм оюмдар, түшүрүлүп саймаланып, ошондой эле тигүү өнөрүндө зер жипчелер колдонулуп, кооздолуп жасалат. Мисалы, боз үйдүн эң мыктысы – ак өргөөнүн кийизин бордоп, ак чополоп жана сөөктүн гүлү менен агарткан. Ак тыбыттан кийиз жасап, сыртын ак кездеме менен каптап, ичине чыгдан тартылбай, от жагылбай, аялга жана эркекке таандык асем буюмдар коюлган. Учурда борбор шаарыбыздагы элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн «Кыял» бирикмеси жана элдик чеберлер жасаган асем буюмдар чет мамлекеттерге экспорттолуп, кыргыз элинин чеберчилик өнөрүн дүйнөгө таанытууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1