Асикага

Википедия дан

АсикагаЯпониянын орто кылымдагы аскердик-феодалдык башкаруучулары - сегундарынын 2-династиясы (1335-1573). Асикагалардын бийлиги жергиликтүү княздардын (дайме) күч алуусунан улам бекем болгон эмес. 15-кылымдын ортосунан башталган ич ара феодалдык согуштардын натыйжасында өлкөдө бир нече өз алдынча княздыктар түзүлүп, Асикагалардын бийлиги алсыраган. Алардын акыркы сегунун Нобунага Ода (1534-82) бийликтен кулаткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1