Аскаров, Теңдик

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Аскаров Теңдик Аскарович (18-декабрь, 1937)- Кыргыз Республикасынын  маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү коомдук- мамлекеттик  ишмер, «Даңк»,  “Элдердин достугу”, «Ардак Белгиси» орден -медалдарынын ээси, сынчы-философ, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын корреспондент- мүчөсү,  философия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын философия жана укук институтунун социалдык философия, эстетика жана этика бөлүмүнүн башчысы.

Өмүрү жана чыгармачылык  баяны[оңдоо | булагын оңдоо]

      Кыргыз Республикасынын  маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү коомдук- мамлекеттик  ишмер, «Даңк»,  “Элдердин достугу”, «Ардак Белгиси» орден -медалдарынын ээси, сынчы-философ, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын корреспондент- мүчөсү,  философия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын философия жана укук институтунун социалдык философия, эстетика жана этика бөлүмүнүн башчысы  Теңдик Аскаров.

   1937-жылы 18-декабрда Токтогул  районундагы Коңур-Өгүз (Өзгөрүш) айылында  туулуп-өткөн. Ал 8-класстан  Фрунзе шаарындагы А.С.Пушкин атындагы №5 кыргыз мектебинде окуп,1955-жылы  орто мектепти, 1960-жылы  Кыргыз мамлекеттик университеттин  филология  факультетин   бүтүргөн.  1960-жылы Кыргыз ССР илимдер академиясынын философия институтунун аспирантурасына кабыл алынат. 1963-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын философия жана укук институтунда кенже илимий кызматкер,  1967-жылдан  «Кыргызстан маданияты» гезитинин редакторунун орун басары,  бир эле учурда 1967–1969-жылдары  Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинде пропаганда жана агитация  жана 1969–1971-жылдары  маданият бөлүм башчысынын орун басары, 1971–1986-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармасынын   биринчи секретары, 1971–1988-жылдары Кыргыз ССР  Жогорку Советине 8-9-10-11-чакырылышына  4 жолу депутат, 1980–1985-жылдары  Кыргыз ССР  Жогорку Советинин төрагасы,  1986-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын философия жана укук институтундан бөлүм башчы орун басары,бөлүм башчы болуп иштеген. Учурда Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын философия жана укук институтунун социалдык философия, эстетика жана этика бөлүмүнүн башчысы  2000-жылы Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланган.

Адабий макалалары жана  илимий эмгектери:[оңдоо | булагын оңдоо]

          Теңдик Аскаров күнү-түнү колунан китеп түшпөгөн адаты бар эле. Болочоктогу окумуштуу  9-класста  окуп жүргөн учурда эле  эл акыны Аалы Токомбаевдин 50 жылдык мааракесине карата мектеп окуучулары менен жолугушууда,  кадыресе адабиятчы катары 1 сааттык баяндама жасайт.  Теңдик Аскаров Кыргыз мамлекеттик университеттин кыргыз филологиясы факультетинин  студенти кезде эле ондон  ашык макаласы басма сөз беттерине жарыяланган.  Алсак 1-курста  жазган алгачкы макаласы, 1957-жылы  “Ала-Тоо” журналына жарыяланса, 1958-жылы 3-курстун студенти кезде  Кыргызстан жазуучулар союзунун пленумунда  “Азыркы кыргыз поэзиясынын абалы”- деген темада баяндама жасайт.    Жаш окумуштуу  1964-жылы «Адабияттагы көркөмдүк шарттуулуктун эстетикалык жаратылышы» -деген темада  кандидаттык жана  1993-жылы «Адабий процессти философиялык талдоо» -деген темада докторлук диссертациясын жактаган.   Бул чыгарма учурунда философиянын илимий татаал жана дискуссиялык проблемасын талдоодогу жаңылыгы менен окумуштуулардын көңүлүн бурган. 1967-жылы “Көркөм образдар дүйнөсүндө”,  1980-жылы “Эстетикалык жаңы сапаттарга”  макалалар жыйнагы,  1983-жылы “Жаңыруунун жолунда”,   2001-жылы “Образдуу ой жүгүртүүнүн чексиздиги” аттуу эмгектери жарыяланган.   Жалпы 350дөн ашык эмгектери басмадан чыгып, анын ичинен 16 монография, 1 окуу куралы, 4 макалалар жыйнагы , 9 чакан китептин автору. Анан да илимдин 9 кандидаты, 5  докторун даярдаган устат.  Эмгектери орус,  англис, немис, француз, испан жана башка тилдерде басылып,  10дон ашык  чет өлкөдө илимий жыйында  баяндама жасап келет.   Теңидик Аскаров жөнүндө  2000-жылы Москвада чыккан “XIX – XX кылымдагы Россиянын философтору”- деген энциклопедиялык сөздүккө макала кирген.

Жарык көргөн китептери[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]

Көркөм образдар дүйнөсүндө. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 151 б.

Эстетикалык жаңы сапаттарга: Макалалар жыйнагы. – Ф.: Кыргыз-стан, 1980. – 376 б.

Жаңыруунун жолунда. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 164 б.

Образдуу ой жүгүртүүнүн чексиздиги. – Б.: Кыргызстан, 2001. – 128 б.

Орус тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]

Эстетическая природа художественной условности. – Ф.: Илим,1966. – 157 с.

Высокое призвание критики. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 68 с.

Восхождение к зрелости: Литерат.-критические статьи. – Ф.: Кыргыз-стан, 1976. – 312 с.

Устремленная в будущее. О Киргизии. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 144 с.

Эстетическое постижение мира: Избр. статьи, исследования. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 320 с.

Художественная условность как эстетическое явление в свете ленинс-кой теории отражения. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 200 с.

Советский народ – строитель коммунизма. Кн.1. – Ф.: 1977. – 416 с.

Философский анализ литературного процесса. – Алматы, 1993. – 48 с.

Эстетическая оценка словесного творчества. – Б.: Кыргызстан, 2000. – 12 б.

Башка элдердин тилдеринде[оңдоо | булагын оңдоо]

Kirgisische Sozialistische Sowiet Republik. Herausgebst Zentralvorstand der geselschaft fur

Deutch- Sowietische Freundshaft. 1977. – Берлин. – 64 б. – немис.

Kirghisia. Sozialist Republics of tne Soviet Union. Moscow. 1982. – 48 б. – англ.

La Kirghisie. Novosti…Moscov. 1982. – 48 б. – француз.

Kirghisia. Moscu. 1982. – 48 б. – испан.

KirgisK-n. Sozialistischcu Sovietrepublik. Verlag…Novosti . Moskau. 1982. – 64 б.

Үй-бүлөсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Байбичеси Азия- англис тили боюнча адис, филология илимдеринин кандидаты, уулу Азиз-ишкер, кызы Наита- филолог, ошондой эле 4 небереси бар. 

Хронология[оңдоо | булагын оңдоо]

  • 1937-жылы 18-декабрда Токтогул районунда  Коңур-Өгүз (Өзгөрүш) айылында  туулуп-өскөн;
  • 1955-жылы    Фрунзе шаарындагы А.С.Пушкин атындагы №5 кыргыз мектебин бүтүргөн:
  • 1960-жылы КМУнун кыргыз филологиясы факультетин  бүтүргөн;
  • 1960-жылдан  Кыргыз ССР ИАнын философия институтунун аспиранты;
  • 1963-жылдан  Кыргыз ССР Илимдер академиясынын философия жана укук институтунда  илимий кызматкер;
  • 1964-жылы «Адабияттагы көркөм  шарттуулуктун эстетикалык жаратылышы» -деген темада  кандидаттык  жана 1993-жылы «Адабий процессти философиялык талдоо» -деген темада докторлук диссертациясын жактаган;
  • 1967-жылы «Кыргызстан маданияты» гезитинин редакторунун орун басары;
  • 1967-жылдан  эле Кыргызстан КП БК   аппаратында пропаганда жана агитация  бөлүм башчысынын орун басары;
  • 1969-жылдан Кыргызстан Кыргызстан КП БК   аппаратында маданият бөлүм башчысынын орун басары;
  • 1971–1986-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармасынын       1-секретары;
  • 1971–1986-жылдары бир эле учурда СССР жазуучулар союзунун  башкармасынын  секретары;
  • 1971–1988-жылдары Кыргыз ССР  Жогорку Советине  4 жолку (8,9,10,11) чакырылышынын  депутаты;
  • 1980–1985-жылдары Кыргыз ССР  Жогорку Советинин төрагасы (спикер);
  • 1986-жылдан Кыргыз ССР ИАнын философия жана укук институтундан бөлүм башчынын  орун басары;
  • 2000-жылы Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланган;
  • 2000-жылы Москвада чыккан “XIX – XX кылымдагы Россиянын философтору”-   энциклопедиялык сөздүккө Теңдик Аскаров жөнүндө  макала кирген;
  • Учурда Кыргыз УИАнын философия жана укук институтунун социалдык философия, эстетика жана этика бөлүмүнүн башчысы.

Cүрөт галереясы[оңдоо | булагын оңдоо]

Бардык сүрөттөр бул шилтемеде.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]