Аскатанк тоолору

Википедия дан

Аскатанк тоолору (лат. Ascatancas mons) - тарыхый топоним. К. Птолемейдин (биздин замандын 2-кылымы) маалыматы боюнча Орто-Азияда жайгашкан. 140° чыгыш узундуктагы, 43° түндүк кеңдикте меридиан багытындагы Имай тоо системасынан түндүк-батышты карай 130° чыгыш узундуктагы жана 49° түндүк кеңдикке чейин созулуп жаткан. Байыркы сак уруулары ушу тоолордун эки тарабын мекендеген. А. М. Мандельштам (1957) Аскатанкты Фергана тоо тизмегине, С. Өмүрзаков (1959) Түндүк-Батыш Теңир-Тоого туура келет деген пикирге келишкен. Бирок, байыркы топоним азыркы географиялык номенклатурада сакталган эмес. Ал «аска таг» (аска тоо) деген сөздү билдириши мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1