Аскерге чакыруу

Википедия дан

Аскерге чакыруу - мыйзам тарабынан белгиленген Куралдуу Күчтөрдүн катарында аскердик милдет өтөөгө жарандарды чакыруу. КРнын жалпы аскердик милдеттүүлүк жөнүндөгү мыйзамына ылайык, анык аскердик кызматка чакыруу республика боюнча жылына 2 жолу өткөрүлүп, негизинен 18 жаштан 27 жашка чейинки курактагы балдар чакырылат. Андан тышкары запаста, аскердик каттоодо турган жарандарды, ошндой эле аскердик абалды киргизүүдө жана согуш мезгилинде мобилизация боюнча чакыруу каралган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1