Аскердик ант

Википедия дан

Аскердик ант – КРнын куралдуу күчтөрүнүн катарына кызмат өтөөгө чакырылган жарандардын салтанаттуу убадасы; Мекенге, элге берилгендигин билдирүү. Жоокер Мекенинин ар-намысын, эркиндигин, көз карандысыздыгын коргоого, ак ниет болууга, Мекени үчүн каны-жанын аябоого ант берет. Аскердик ант КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет. Жаш аскерлер баштапкы даярдыктан өткөндөн кийин, эки айлык мөөнөт ичинде аскердик ант беришет. Ант берүү бөлүктүн командиринин жетекчилиги менен салтанаттуу өткөрүлөт. Аскердик ант бергенге чейин: а) аскер кызматчысы аскер кызмат ордуна бекитилбейт, жоокердик тапшырмаларды аткарууга тартылбайт (согуштук аракеттерге катышууга, аскердик кызмат өтөөгө, кароолго турууга ж. б.); б) ага аскер куралы менен согуштук техника бекитилип берилбейт; в) ага карата камак түрүндөгү жаза чаралары көрүлбөйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1