Аскердик басма сөз

Википедия дан

Аскердик басма сөз - аскердик кызматты, турмушту, андагы маселелерди чагылдырууга багытталган басма продукциясы: негизинен аскер кызматындагы окурмандарга арналган маалымат каражаты. Аскердик басма сөз - куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөгөндөрдү саясий, аскердик, маданий жактан тарбиялоонун жана аскердик билимди таратуунун маанилүү куралы. Мезгилдүү (аскердик гезиттер, аскердик журналдар, мезгилдүү жыйнактар, бюллетендер жана башка) жана мезгилдүү эмес (китептер, брошюралар, баракчалар жана башка) болуп бөлүнөт. КРда Коргоо министрлигинин «Ыйык милдет» гезити чыгарылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1