Аскердик контрабанда

Википедия дан

Аскердик контрабанда – согушуп жаткан мамлекетке товарларды жана башка нерселерди берүүдөн чыккан Эл-аралык мүнөздөгү кылмыш. Эл-аралык укук ченемдерине ылайык бейтарап өлкөлөр куралдуу кагылышуулардын учурунда согушуп жаткандарга эч кандай колдоо көрсөтпөөгө тийиш. Андай жол менен берилген объектердин баары А. к. катары эсептелет жана алар ташып келген каражаттары менен кошо тартылып алынууга жатат. Мамлекеттин ичинде кабыл алынган бажы жана кылмыш-жаза укуктарындагы контрабанда түшүнүгүнөн айырмалуу Эл-аралык укукта пайдаланылуучу А. к. түшүнүгү согуш учурунда согушпаган мамлекеттин же анын жарандарынын ал мамлекеттин бейтарап статусуна карабастан, каршылаштарга апкелип берген нерселерди жана буюмдарды билдирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]