Аскердик күч

Википедия дан

Аскердик күч, мамлекеттин (мамлекеттердин коалициясы) -эл аралык аренада, ошондой эле өзүнчө өлкө ичинде: согушту даярдоо жана аны баштоо үчүн, агрессия же анын чагылдырылышы максатында, согушту токтотуу кызыкчылыгында, глобалдык, аймактык, улуттук ж.б. коопсуздукту камсыз кылууда белгилүү бир согуштук-саясий максаттарга жетүү үчүн колдонулган коомдун материалдык жана акыл-ой мүмкүнчүлүктөрүнүн жыйындысы.

Аскердик күч- өлкөнүн биргелешкен күчү (коалиция). Мамлекеттин саясатынын мазмунуна жана багытына, согуштук-саясий максатка жараша Аскердик күчтү коргонуучу же чабуулдуу деп мүнөздөөгө болот. Тынчтыктты сүйгөн мамлекеттердин Аскердик күчү коргонуу мүнөзүнө ээ, ал эми агрессивдүүлөр - чабуулдук. Аскердик күч ар дайым саясаттын куралы, белгилүү бир согуштук-саясий кырдаалда анын каражаты болуп эсептелет.

Аскердик күч өзүнүн абалы боюнча потенциалдык же колдонулуп жаткан болуп мүнөздөлөт. Потенциалдык Аскердик күч мамлекеттин максималдык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөт, алар өлкөнүн, коомдун, алардын аскердик уюмдарынын бардык күчтөрүн күчөткөн учурда согуштун жүрүп жаткан факторлору боло алат. Мис., совет элинин фашисттик Германияга карты Улуу Ата Мекендик согуштун башталышы менен СССРдин материалдык жана акыл-ой мүмкүнчүлүктөрү согуштун факторлоруна которулуп, агрессиянын чагылдырылышын, фашизм үстүнөн жеңишти камсыз кылган. Аскердик күчтүн курамы мамлекеттин материалдык жана акыл-ойлук күчүнүн жыйындысынын курамы, ага тиешелүү потенциалдардан болуп - саясий, экономикалык, социалдык, руханий эсептелинет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8