Аскердик трибуналдар

Википедия дан

Аскердик трибуналдар - куралдуу күчтөрдөгү аскер кызматкерлерине, аскерге милдеттүүлөргө байланыштуу кылмыш иштерин кароочу соттор. КРнын коопсуздугун жана анын куралдуу күчтөрүнүн согушуу жөндөмдүүлүгүн, аскердик тартипти жана аскер кызматын өтөөнүн белгиленген эрежелерин сактоого багытталган. Аскердик трибуналдарда иштерди кароо жалпы соттордогудай эле тартипте жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1