Аскердик уставдар

Википедия дан

Аскердик уставдар - аскер бирикмелерин жана бөлүктөрүн согуштук аракеттерде колдонуунун принциптерин жана жолдорун, максаттарын, милдеттерин аныктоочу, ошондой эле аскер кызматкерлеринин милдеттерин, өз-ара мамилелерин, жалпы аскердик турмуш жана тиричилик, кызмат өтөө тартиптерин аныктоочу расмий документтердин жыйындысы. КРнын Куралдуу Күчтөрүндө Жалпы аскердик уставдар 1998-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, «Ички кызмат уставы», «Гарнизондук Кызмат уставы», «Тартип уставы» жана Коргоо Министринин буйругу менен бекитилген «Сап уставын» камтыйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1