Аскерий айла-амалдар
Appearance
Аскерий айла-амалдар – Эл-аралык гуманитардык укукта каршылашты жаңылтууга же туура эмес аракеттерге түртүүгө багытталган, бирок, куралдуу кагылышуу учурунда колдонулуучу Эл-аралык укуктун эч кандай ченемдерин бузбаган жана жүзүкаралыкка (кара:Жүзүкаралык) жатпаган аракеттер, анткени, алар каршы тараптын коргонуу боюнча ошол укуктарга карата ишенимдерин алдабайт. А. а-а. мисалдары: чүмбөттү, «тузак тартууну», жалган аткарымдарды пайдалануу, жалган кабарларды таратуу.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7