Аскер-деңиз флоту

Википедия дан

Аскер-деңиз флоту - (АДФ, айрым өлкөлөрдө Аскер-деңиз күчтөрү деп аталат) - куралдуу күчтөрдүн түрү; океан жана деңиздердеги согуш аракеттерин стратегиялык жана оперативдик жактан жүзөгө ашырат. АДФ милдеттерин өз алдынча жана куралдуу күчтөрдүн башка түрлөрү менен бирге да орундатат. АДФ душмандын жердеги негизги объектилерин талкалоо, анын флотунун деңиздеги жана базалардагы күчтөрүн жок кылуу, кургакта согушкан аскерлерди колдоо, деңиз десанттарын түшүрүү жана душмандын деңиз десанттарын түшүрүшүнө каршы аракеттенүү, океан, деңиздеги душмандын коммуникацияларын бузуу, өзүнүн деңиздик коммуникацияларын сактоо милдеттерин аткарат. АДФнын төмөндөгүдөй түрлөрү бар: суу астында жүрүүчү кайыктар, аскер-деңиз флотунун авиациясы, суу үстүндө жүрүүчү кемелер, жээктеги ракета-артиллериялык аскерлер жана деңиз жөө аскерлери. Суу астында жүрүүчү кайыктар жана АДФнын авиациясы анын башкы күчү болуп саналат. Суу астында жүрүүчү кайыктар куралданышы боюнча ракеталык жана торпедалык; керектөөчү отуну боюнча атомдук жана дизелдик болуп бөлүнөт. Алар алыска атылуучу ракеталар менен куралданып, суу астынан атууга ыңгайлуу келип, ядролук же кадимки дүрмөттөрү бар, өзү мээлеп тийүүчү торпедалар менен жабдылат. АДФ авиациясынын карамагында деңизде ракета алып жүрүүчү, суу астындагы кайыктарга каршы чалгындоочу авиация жана атайын дайындалган авиация болот. Анын негизги милдети душмандын суу астында жүрүүчү кайыктарын, суу үстүндөгү кемелерин, транспортторун жок кылуу. Суу үстүндөгү кемелер душмандын суу астындагы кайыктарын издеп табуу жана кыйратуу, суу үстүндөгү кемелери менен согушуу, жээктерге деңиз десанттарын түшүртпөө, миналарды издөө, аларды зыянсыздандыруу дагы ушул сыяктуу милдеттерди аткарат да, суу астында жүрүүчү кайыктарга каршы аракеттенүүчү ракеталык, артиллериялык, торпедалык, десанттык жана башка класстарга бөлүнөт. Жээктеги ракеталык-артиллериялык аскерлер өлкөнүн жана флоттун (фронттун) жээктеги маанилүү объектилерин душмандын деңизден кол салуусунан коргоого дайындалат. Деңиз жөө аскерлери өзүнчө жана деңиз десанттарынын курамында, кургактагы аскерлер менен бирге аракеттенет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1