Аскер аба кемеси

Википедия дан

Аскер аба кемеси – кайсы бир мамлекеттин куралдуу күчтөрүнө тийешелүү, ошол мамлекеттин айырмалап таануучу белгилери бар аба кемеси. Офицер тарабынан башкарылат жана туруктуу аскердик тартипке баш ийген экипажга ээ. Аскер аба кемесине анын кайда турганына карабастан, өзү тийиштүү болгон улуттук мамлекеттин гана мыйзамдары жана эрежелери таралат. Аскер аба кемеси баардык мамлекеттер тарабынан өз өкмөтүнүн тапшыруусу менен ошонун атынан аракеттенүүчү тийиштүү мамлекеттин органы катары каралат.[1]


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7