Аскер бөлүкчөсү

Википедия дан

Аскер бөлүкчөсү - аскердик бирдик; армиянын ар бир түрүндөгү бирдей курамдуу туруктуу уюм. Ал ири бөлүкчөлөр менен бөлүктөрдүн курамына кирет [мисалы, моторлоштурулган аткычтар ротасы (батарея) - батальонго (дивизионго), батальон (дивизион) - полкко. Ар бир бөлүкчө майда бөлүктөргө [мисалы, ротада (батареяда) 3-4 взводго] бөлүнөт. Аскер-аба жана аскер-деңиз күчтөрүндө да аскер бөлүкчөсү бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1