Аскер кийимдери

Википедия дан

Аскер кийимдериаскер кызматчылары үчүн арналган атайын форма кийимдеринин жалпыланган аталышы; алар өңү, бычылышы, айырмалоо белгилери жана башкалар боюнча өзгөчө айырмалоочу белгилерге ээ. КРнын Коргоо министрлигинин, ИИМдин Ички аскерлеринин, Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК), УККнын Чегара аскерлеринин, Улуттук гвардиянын, Мамлекеттик күзөт кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу жана өрткө каршы кызматынын, Адилет министрлигинин Күзөт, конвой менен коштоо жана кылмыш-жаза аткаруу системасы департаментинин, Жогорку сотунун, Аскер прокуратурасынын аскер кызматчылары аскер кийимдерин кийишет. КРнын аскер кызматчыларынын аскер кийимдерине: баш кийим (фуражка, кулакчындуу тумак, пилотка, берет); тыш кийим (күрмө, пальто, плащ, мундир, кител, шым); пуловер, свитер, жакет, блузка, сырт көйнөк, юбка, галстук, кашне, аксельбант; бут кийим (ботинка, туфли, өтүк), ошондой эле аскер шаймандары кирет. Жогорку офицердик курамда, офицерлер, прапорщиктер жана мөөнөттүү аскер кызматчыларында, аял аскер кызматчыларында аскер кийимдерин кийүүдө айырмалар бар.

Колдо нулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1