Аскер кызматы боюнча чектөө

Википедия дан

Аскер кызматы боюнча чектөө – жазалоо түрлөрүнүн (негизги катары гана белгиленген) бири. КР кылмыш-жаза мыйзамдарынын ченемдеринде каралгандай, аскер кызматына каршы кылмышы үчүн, 6 айдан 2 жылга чейинки мөөнөткө келишим боюнча аскер кызматын өтөп жатып соттолгон аскер кызматкерине белгиленет. Аскер кызматы боюнча чектөө учурунда соттолгон адам кызматынан, аскер чининен жогорулатылбайт, ал эми жаза өтөө мөөнөтү кезектеги аскер чинин ыйгаруу үчүн кызмат кылуу мөөнөтүнө эсептелбейт.[1]


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7