Аспелин Иоганн

Википедия дан

Аспелин Иоганн (Йоханнес Рейнхольд Аспелин, Johannes Reinhold Aspelin), профессор, алтайтаануучу, 1842-ж. 1-августа Таммерфорсттон алыс эмес жердеги Мессубиде (Финляндия) пастордун үй бүлөсүндө туулган. Анын балалык чагы Остерботтенде өткөн. 1862-ж. университетке тапшырып, өз элинин өткөндөгү тарыхына кызыгып иликтей баштайт. 1866-ж. илимдин кандидаттык сынагын тапшыргандан соң, И.-Р.Аспелин 1869-ж. Түндүк Финляндиянын орто кылымдардагы тарыхын автордук нускасын финн тилинде которуп, сунуш этип, бул аймактын байыркы жашоочулары тууралу өз пикирин илим айлампасына киргизген. Ал квендердин (норвегиялык финндер) насили карел тектүү экендигин, алардын ата-бабалары түндүк-чыгыштагы финндердин тукумдары болорун белгилеген. И.-Р.Аспелин ошол учурдагы түндүк элдери боюнча ири адис, профессор Косинен менен илимий каяшага барган эле. Ошол эле учурда археологиялык иликтөөлөргө даярдык көрө баштайт. Арийне, 1827-ж. болуп өткөн өрттөн соң, университеттин тарых музейинин абалы өтө оор болгон. Музей абдан жарды, экспонаттрдын саны өтө сейрек, илимге зарыл байыркы замандарды чагылдырган булактардын көлөмү өтө жетишсиз болгон. Анын үстүнө археология илими катары жаңы эле калыптанып жаткан мезгил эле. Жаш иликтөөчү каражат таап, Остерботтенде изилдөөлөр жүргүзүп, байыркы адамдардын турак-жай калдыктарын изилдеген, алар тууралу уламыштарды кагаз бетине түшүргөн. 1871-ж. И.-Р.Аспелинге Россия империясынын аймагында изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн эки жылдык каражатка ылайыкталган стипендия бөлүнүп берилет. Илимпоздун негизги максаты финн-угр элдери жашаган аймактарды кыдырып, изилдөө иштерин жүргүзүү болучу. Мындан сырткары, окуу жайы орус тилин атайынүйрөнүү үчүн каражатты да бөлүп берген эле. 1871-1973 жж. И.-Р.Аспелин Петербург, Москва, Тверь, Ярославль, Казань, Вятка ж.б. шаарлардын архивдеринде, китепканаларында маалыматтарды жыйнайт, бир эле учурда орус тилин жигердүү үйрөнө баштаган. Натыйжада, бир кыйла археологиялык материалдар жыйналган болучу. Андан соң, Скандинавия өлкөлөрүнө, Германияга, Австрияга, Венгрияга, Краков, Варшава, Вильно жана Москва шаарларында изилдөөлөрдү жүргүзүп, 1874-ж Петербурга кайтып келген. Ошол эле жылы француз тилинде үч илимий доклад жасайт. Бул иликтөөлөрдүн жыйынтыгында финн-угор элдеринин археологиясы, тарыхы, этнографиясы боюнча атластарды жарыялаган «Antiquites du Nord Finno-ougrien». И.-Р.Аспелин башкаруу кызматын таштап, Сибирь тарапты иликтөөнү эңсейт. 1887-ж. Түштүк Сибирь жана Монголияга эки ирет илимий экспедиция уюштурган; окумуштууга жардамчы катары археолог Аппелгрен катышкан. Экспедициянын негизги максаты илимде мурда «руна сымал жазуулар» деп аталган эстеликтерди изилдөө жана археологиялык казууларды ишке ашыруу эле. Изилдөө иштеринин негизги борбору катары Минусинск шаары тандалып алынган. Бирок, оболу жергиликтүү археологиялык ж.б. жазуу эстеликтерин үйрөнүп, окуп чыгыш керек эле. Ошондуктан, 1888ж. окуучусу Вуори менен биргеликте Саяндарды эки ирет ашып өтүп, Енисей аркылуу (Тувадан) Минусинск шаарына салга олтуруп сүзүп келишкен. Минусинск округундагы, Чулышмандагы, Урянхай (Тува) жергесиндеги эстеликтер изилденип, 32 жаңы рун сымал жазуу эстеликтери табылып, көчүрүлгөн болучу. Экспедициянын алдын-ала билдирүүлөрү О.Доннер менен биргеликте Чыгыш Конгресси башталганга (1889) чейин жарыяланган. Изилдөөчү бул эстеликтерди байыркы финн жазууларынын үлгүлөрү деп атаган божомолу илимге белгилүү. 1889-ж. Берлиндин Антрпологиялык коомуна жиберген илимий билдирүүсүндө енисейдеги жазуулардын мүнөзү «кыргыз-хягастарга» таандык, анткени ал доордогу (орто кылымдардагы) бул аймактын жашоочуларынан (енисей кыргыздарын) кытайлар кабардар болгон деген пикирди айткан. Минусинск аймагындагы енисей кыргыздарына таандык көрүстөндөрдү казып изилдеген жана анын жыйынтыгы боюнча 1900-ж. Москвада илимий доклад жасагандыгы маалым. 1912-ж. «Таштагы жазууларды изилдөө» (Минусинск аймагы) деген эмгегин жарыялайт. Бул үчүнчү экспедициянын жыйынтыктары эле. Окумуштуу изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында хронологиялык жактан енисей жазуулары коло доорунан кийин пайда болгон деген тыянакты илимге сунуш этет. Ал илимдеги бир нече окуучуларын тарбиялап чыгарган. 1915-ж 29-майында каза болгон. Анын библиографиялык эмгеги Альфред Хакман (Alfred Hackman) тарабынан түзүлүп 1916 –ж. жарыкка чыгарылган. Анда 150 ашуун археология, этнография, тарых, маданият боюнча жарыланган эмгектер бар (анын 49 орус тилинде жарыяланган).

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О потребности изучения формы предметов и постепенном развитии этих форм в доисторических временах // Труды IV археологического съезда. I. Казань, 1878; Muinaisjaannoksia Suomen suvun asumus-aloilta. Antiquites du Nord Finno-ougrien. I-V. 1877-1884; Catalogue rai-sonne des antiquites du Nord Finno-ougrien exposees par luniversite d'Helsingfors a 1'exposition universelle de 1878. 1878; Inscriptions de 1 lenissei recueillies et publiees par la Societe Finlandaise dArcheologie. 1889; Следы влияния готов в северной полосе России // Труды археологического съезда в Москве III. 1890; Tschudische Inschriften fin oberen Jenisei. Zschr. f. Ethol. XX. 1890; Die Steppengraber im Kreise Mi-nussinsk am Jenissei. Studien im Gebiet der Inschriftsteine. Finnisch- ugrische Foschungen XII. 1912;и др..
  • Alt-Altaische Kunstdenkmaler. Briefe und Bildermaterial von J.R. Aspelins Reisen in Sibirien und der Mongolei 1887-1889. Hrsg. Von Hjalmar Appelgren-Kivalo. Hfors 1931. 47 s. + 76 kuvas. 2:o. (эта книга имеется в личной библиотеке автора); Lerch P. J.R. Aspelins archaolo-gische Forschungen im sudlichen Oesterbotten und im alten Biarmien // Russische Revue (St. Petersburg) 1 (1872). S. 389-398; Hackman A. Minnesstal over Johannes Reinhold Aspelin. Hfors, 1916. 61 s.; Hackman A. Johannes Reinhold Aspelin. SMYA 30:1 (1920). 39 s.; Heikel A.O. Johannes Reinhold Aspelin. Muistopuhe. S. Tiedeak. Esit. 1916. S. 71-81; Rinne J. J.R. Aspelinjuhla 14/12 1912. SM 1912. S. 70-83; SchvindtT. J.R. Aspelin ja ylioppilaiden kotiseutututkimukset merkkivuonna 1876. SMYA 26 (1912). S. 191-194; Cederberg A.R. Muistelmia Johan Reinhold Aspelinista. Karjalan Heimo, 1946. S. 137; Tallgren A.M. Johan Reinhold Aspelin. Valvoja, 1912. S. 653-659; Tallgren A.M. J.R. Aspelin. Hans livsgarning och svenka forbindelser. Fornvannen (Stockholm), 1944. S. 65-81; Tallgren A.M. J.R. Aspelin uran alkutaipaleelta. KV 17 (1937). S. 83-101; HaltsonenS. Kolme J.R. Aspelininkirjetta Lydia Koidulalle. KV 37 (1957). S. 23-34; и др.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015